Борбордук Африка негизинен Конго ойдуңун жана аны курчаган бөксөтоолорду камтыган табигый аймак. Батышынан Атлантика океаны жана Гвинея булуңу менен чулганат. Анда Камерун, Экватордук Гвинея, Борбордук Африка Республикасы, Габон, Конго Республикасы, Конго Демократиялык Республикасы, Ангола, Замбия, Сан-Томе жана Принсипи мамлекетинин бүт аймагы же айрым бөлүктөрү жайгашкан. Тоолордун бийикт. түндүгү менен батышында 500-1000 м, түштүгү менен чыгышында 1000-1500 м ден ашык. Климаты 3° түндүк. менен 2-3° түштүк. аралыгында экватордук, нымдуу. Жылдык жаан-чачыны 1500 мм ден ашык (Камерундун батыш капталында 10 000 мм ден ашык), түндүккө жана түштүккө карай субэкватордук; жайында нымдуу (жылдык жаан-чачыны 1000 мм ден аз), Атлантика океанынын жээгинин Лопес тумшугунан түштүккө карай тропиктик (жаан-чачыны 200-300 мм). Негизинен Конгонун (Заир) алабына кирген жыш жана суусу мол дарыя тармактары бар. Экваторго жакын дайыма жашыл экватор токою, андан түндүккө жана түштүккө карай жалбырагы күбүлмө (кургакчыл мезгилде), дайыма жашыл токой, бийик чөптүү саванна өсүмдүктөрү өсөт.

Борбордук Африка.

Колдонулган адабияттар түзөтүү