Батман – кеңеш дооруна чейин кеңири колдонулган чен бирдиги.
Түштүк Кыргызстандын Фергана өрөөнүн байырлаган кыргыздарда 4–16 пудга чейинки салмак чени. Талас өрөөнүндөгү кыргыздарда 12 пудду билдирген. Калган аймактарда батман так эмес салмак ченин билдирген.
1 пуд = 16 кг.

Маалымат булактары:
Кыргыз тарыхы. Энциклопедия. 2003.