"Батперек учургандар" (англ. The Kite Runner, орус. Бегущий за ветром) - 2007-жылы Марк Форстер тарткан америкалык драма. Тасманын сценарийи Халид Хосейнинин ошол эле аталыштагы романына негизделип, Дэвид Бениофф тарабынан жазылган. Тасмада Кабул шаарыннын Вазир Акбар Хан аймагында жашаган жетиштүү үй-бүлөнун уулу Амир тууралуу баяндалат. Ал атасынын хазар улутундагы кызматкеринин уулу Хассанды таштап кеткендиги үчүн өзүн-өзү жемелеп өтөт. Тасма Афганистандагы монархиянын кулашынан тарта Советтик аскерлердин өлкөгө киришине, көп сандаган афган качкындарынын Пакистан, Кошмо Штаттарга кеткенине чейинки башаламан окуяларды жана Талибан режимин чагылдырат.

Тасма 2007-жылы, 2-ноябрда көрүүчүлөргө сунушталган. 20 миллион доллар бюджет менен тартылган тасма 73.2 миллион доллар табуу менен кассалык жыйымдар боюнча ийгилик жараткан. Тасма "Алтын глобус" сыйлыгынын 2007-жылдагы "Эң мыкты чет тилдеги тасма" наамына көрсөтүлгөн. Ал эми Алберто Иглесиас жазган музыка "Алтын Глобус" жана "Оскар" сыйлыктарынын "Эң мыкты музыка" наамдарына көрсөтүлгөн.

Сюжети түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Байланыштуу макалалар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү