Батыш Каракол (суу)
Батыш Каракол (суу), Каракол-суу, Көкөмерен дарыясынын сол тузуучу дарыясы.
- Узундугу 89 км, алабынын аянты 1230 км2.
- Кыргыз Ала-Тоосу менен Карагатты тоосунун кошулган жеринен башталып, Каракол өрөөнү аркылуу чыгыштан батышка агып, Киндик тоосунун бүткөн жеринен түштүккө бурулуп, Кожомкул кыштагынын батышынан өтүп Суусамыр дарыясы менен кошулуп, Кекемерен дарыясын тузот.
- Негизинен Монгу жана булак сууларынан куралат.
- Жылдык орточо чыгымы 19,7 м3/сек.
- Байкалган эң көп чыгымы 56,9, эң азы 7,03 м3/сек.
- Апрелде кирип сентябрда тартылат.
- Оң өйүзүндө Каракол, сол өйүзүндө Кожомкул кыштактары жайгашкан.
- Куймалары: ШилиСуу (сол), Муз-Төр, Сөөк, Туюк Ала-Арча, Ашуу-Ала-Арча, Жыламыш.
- Сокулук, Чаар-Таш (оң).
- Майда куймалары көп.
- Сугатка пайдаланылат.
Батыш Каракол
| |
---|---|
Батыш Кара-Кол суусу | |
Мүнөздөмө | |
Узундугу | 89 км |
бассейндин аянты | 1 230 км² |
Суу чыгымы | 19.7 м³/с |
Жайгашкан орду | |
Өлкө | Кыргызстан |
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Суусамыр: Энциклопедия / Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9