Батыш шамал агымы, Антарктика циркумполярдык агымы - Түштүк жарымшардагы үстүңкү суу агымы. Батыштан чыгышка карай 40° жана 55° түштүк кеңдиктердин аралыгы боюнча жер шарын курчап агат. Узундугу 30 миң км ге чейин, туурасы 1000 км дей. Агымдын үстүңкү катмарына бул кеңдиктердеги батыш шамалдарынын таасири зор болгондуктан, көп бөлүгүндө океандын түбүнө чейинки суу катмары агымды коштойт. Агымдын өзөгү Атлантика, Инди жана Тынч океандардын түштүк бөлүгүндөгү салыштырмалуу жылуу сууну муздак антарктика суусунан бөлүп туруучу түштүк уюл фронту менен дал келгендиктен, суунун үстүңкү катмарынын температурасы өзгөрүлмөлүү: түндүк бөлүгүндө 12-15°С, түштүгүндө 1-2°С. Агымдын үстүңкү катмарында ылдамдыгы 10-25 см/сек, тереңдиктегиси 10 см/секга чейин. Батыш шамал агымы Атлантика океанында Бенгела агымына, Инди океанында Батыш Австралия агымына, Тынч океанда Перу агымына тармактанып кетет. Батыш шамал агымынын зонасында катуу бороон тез-тез болуп тургандыктан, «улуган кыркынчы» кеңдиктер деп аталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4