Бахриндер, Баарын — этноним, түрктөшкөн моңгол уруусу. Моголстан мамлекетинин (14-кылымдын ортосу, 17-к.) Жети-Суу аймагында жашаган. «Мажму ат-таварихте» алар Манастын башкы душманы Жолойго каршы согушка катышышат. Б-дин башында Моголстан мамлекетинин улус башкаруучуларынын бири Энге-Төрө турган. Ал Жолойго каршы уулу Мухаммед-бек баш болгон он миң моголдорду жиберген. ''Манас'' эпосунун кийинки учурларда жазылып алынган варианттарында кыргыз урууларынын бири катары эскерилет. Элдик санжыра боюнча Б. оң канатка кирген уруу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Манас энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4