Башкаруунун маалымат тутуму
Башкаруунун маалымат тутуму. Башкаруунун маалымат тутумдары машиналык тутумдарга кирип, мекемени башкарууга зарыл болгон так жана учурдагы маалыматтарды өндүрөт. Көп учурда башкаруунун маалымат тутумдары келишимдерди иштетүү тутумдары менен бириктирилген болот. Мисалы, коммерциялык буйрутманы иштетүү үчүн, келишимди иштетүүчү тутуму соода тууралу берилиштерди жазат, кардаалдардын эсеп-кысабынан теңдемди өзгөртөт жана инвентардан алып салат. Байланышкан башкаруунун маалыматтар тутумунда отчеттор түзүлөт, алар буюмдардын тез же жай сатылып жаткандыгын ж.б. көрсөтөт. Башкаруунун маалыматтар тутумунун атайын тиби болуп, аткаруучу маалымат тутуму (EIS-Executive Information System) эсептелет. Бул тутумдар жогорку башкаруунун маалыматтык талаптарына багытталат. Кеңири компанияларды башкаруунун маалыматтар тутумдары маалыматтык муктаждыктарды, башкаруунун баардык деңгелдерине багыттайт. Алгач EIS компьютерлер менен тааныш болбогон жогорку менежерлерге багытталган жана контактка ыңгайлуу болсун үчүн, экранды колдонгон. Айрым алдыңкы тутумдар теле көрсөткүчтү башкарууга окшогон аралыктан башкаруучу түзүлүштү колдонушкан.
Кошумча маалымат
түзөтүүБулактар
түзөтүү- Компьютер жана интернет: Энциклопедиялык окуу куралы. У.Н. Бримкулов, А.С. Өмүралиев, В.Ф. Бабак.-2004. ISBN 9967-14-014-3