«Манаптан баштык тиктирип, Жем илейин дечү элем, Мамыркандын ашына, Бир минейин дечү элем»

(Тоголок Молдо).

Бул кийизден, таардан, териден, кездемеден жасалып, түрдүү нерселерди салуучу жана жанда алып жүрүүчү чакан буюм, идиш. Ага ар кандай кийиз оюмдары, сайма, терме, чырмак көчөттөрү да түшөт. «Кыргыздын үйүндө кырк баштык бар» дейт. Аларга: туз баштык, самын баштык, чай баштык, жем баштык, нан баштык, аш (тамак) баштык өңдүүлөр кирет. Азыр баштыктар өз формасын жана колдонмолук маанисин өзгөртүп, жалаң жанда алып жүрүүгө шартташууда.

Маалыматтын булагы түзөтүү

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)