Баш кийимди уруп түшүрмөй

Шарты түзөтүү

Оюнчулардын саны 4—10 киши.

Оюн аянтчада өткөрүлөт.

Оюнда калпак, тебетей, топулар колдонулат.

Оюнга даярдануу түзөтүү

Оюнчулар эшек жыгачтын жанында турушуп, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны түзөтүү

Кезектери менен ар бир топтон .бирден оюнчулар эшек жыгачты минишип, бири бирин карашып турушкандан кийин, бир биринин баш кийимдерин урушуп түшүрүүгө аракеттенишет. Оюн, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланат. Көп жолу баш кийимдерди урушуп түшүрүшкөн оюнчулардын (гобу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун башка түрлөрү. Атка минип баратышканда да эшекчен баратышканда да бирдей аралыкта турушуп бир бирин кийимдерин урушуп түшүрүшмөй.

Оюндун эрежеси түзөтүү

Бир бирин башка урганы, түртүп жыгышканы, баш кийимдерди кол менен кармашы жарабайт да, чурулдоого болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө түзөтүү

Оюнда колдонуучу буюмдар бирдей болушу керек.

Оюндун педагогикалык мааниси түзөтүү

Оюнда шамдагайлык, күч тарбияланат, кыймылдарды так аткарууга, тең салмакты сактоого үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү