Баш кийимди ыргытып илмей

Шарты түзөтүү

Оюнчулардын саны 3—5 киши.

Оюн аянтчада, спорттук бөлмөлөрдө өткөрүлөт.

Оюнга калпак, тебетей, топулар колдонулат.

Оюнга даярдануу түзөтүү

Оюнчулар бутагы бар дарак« тын жанына келишип оюндун шарты тууралу сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны түзөтүү

Оюнчулар кезектери келгенде, бирден колундагы баш кийимдерин ыргытып бутакка илгени аракеттенишет. Оюн, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланышы мүмкүн. Баш кийимин бутакка кеп жолу ыргытып илген оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун эрежеси түзөтүү

Бир бирине жакын турууга, тосКоолдук кылууга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө түзөтүү

Оюнда колдонуучу баш кийимдер бирдей болушу керек.

Оюндун педагогикалык мааниси түзөтүү

Оюнда күч тарбияланат, кол менен кыймылдарды так аткарууга, таамай ыргытууга, тартипти сактоого үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү