Баянчор"Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери. Ошпурда козу кайтарып жүргөн Манас Чегебай (Кутубий) экөө козу союп алышып, эт бышырганга оту жок отурушса калмак чал Б. келип калат. Оттугун сураса бербей коет. Жини келген Манас Б-дун оттугун бычагы менен кошо тартып алат (Сагымбай Орозбаков, 1. 116 — 118).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Манас энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4