Баяттар - Монголияда жашаган ойрот тобуна кирген калк. Монгол тилдеринин баят-халха диалектисинде сүйлөшөт. Саны 40 миңден ашуун, Убсунур аймагын байырлашат. Баяттар (баяут) 13- к. Рашид ад-Диндин «Жами ат-таварихинде» эскерилет. Дербет уруулары менен бирге Жунгар хандыгын түптөөгө катышкан. Этнонимди кыргыздын тейит уруусундагы «баят» аттуу ири уруктар тобу менен параллель кароого негиз бар. Монголиядагы баяттар мал чарбачылыгы менен кесиптенишет. Лама (будда) динин тутунушат. Баяттар Жунгар хандыгын негиздеген, кийинчерээк монголдошкон кыргыз уруусу болуусу ыктымал.

Колдонулган адабияттар түзөтүү