Баңдуулу — кытай, калмак кандарынын ордоканасына орнотулган коңгуроо.

Анын негизги аткара турган милдети шаарды жоо басканда же эл башына кандайдыр коркунуч түшкөндө калкка шашылыш кабар берүү үчүн колдонулат. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Манастын Орго кан менен болгон согушунда эскерилет. Окуя боюнча Акунбешим пааша Шамың шаа деген баатырына Бооң менен Жайсаң аярды кошуп берип кароолго жиберет. Булар Манастын колуна туш келип Бооң менен Жайсаң курман болот да, Шамың шаа жарат алып, Акунбешимдин ордосуна келип, көргөн-билгенин айтып түшүндүрөт. Ошондо:

Ордокана коңгуроо —
Ваңдуулуга жеткени,
Майканага туруптур,
Баңдуулусун уруптур.
Каңгыраган добушун
Бир күндүк жер угуптур (Сагымбай Орозбаков, 2. 126) делип Акунбешим шашылыш кол жыйып Манас менен кармашууга камданат

Колдонулган адабияттар түзөтүү

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4 Нурсултан Сатылганов