Шамың шаа "Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери, кытай-калмак кандарынын бири. Акунбешим паашанын кол башчыларынан. Манаска каршы аттанып, анын сүр-айбат, каарын көрүп, "Калбады коркуп жаным деп" (Сагымбай Орозбаков, 2. 101 —102) Ш. ш. кайра качып Акунбешимге келет. "Манас" эпосунда Чүй өрөөнүндөгү Шамшы аттуу жер анын ысымынан аталып калган делет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4