Бегалиев Сувакун Иманакунович

Эркин энциклопедия – Википедия материалынан.

Бегалиев Сувакун Иманакунович
Бегалиев Сувакун Иманакунович
Желек
Желек
Тарыхчы
 
Туулган жери: Балбай айылы, Түп району, мурда Сары-Булак деп аталган айылы, Ысык-Көл областы, Кыргызстан, СССР
Каза болгон жылы: 2011
Каза болгон жери: Бишкек
Балдары: кызы: Шейнфельд-Бегалиева, Асель Сувакуновна
Билими: Москва мамлекеттик тарых – архив институту
Илимий даражасы: Тарых илимдеринин кандидаты
Кесиби: тарыхчы

Бегалиев Сувакун Иманакунович (1945-2011) - илим, билим жаатындагы көптөгөн эмгектердин автору. Белгилүү публицист, жарандык активист. Документалдык жана көркөм кино-тасмалардын тарыхий консультанты (ХХ к.ж. – башы, ортосу).

Улуту: Кыргыз

“Мемориал-Акыйкат” коомунун активисти.

Өмүр баяны түзөтүү

  • Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл областынын Түп районундагы Балбай айылында (мурда Сары-Булак аталган) 1945 жылы 20 декабрда мамлекеттик кызматкердин үй бүлөсүндө туулган.
  • Кыргыздардын Бугу уруусунун Белек тукумунан.
  • Атасы – Белек хандын; энеси бий, манаптардын урпактарынан.
  • Белоруссия республикасынын Брест шаарында (Брест крепосту) Советтик Армиянын катарында болгон.
  • Бишкек шаарынын шайлоо клубунун мүчөсү
  • Кыргыз Республикасынын Жогорку кенешинин депутаттыгына талапкер.
  • Ысык-Көл областынын Түп районунан Жогорку кенештин депутаты Жекшеев Жыпардын ишенимдүү өкүлү, коомдук жардамчы, кенешчи.
  • Кыргызстандагы демократиялык биринчи толкундун, (КДК) кыймылынын белсемдүү катышуучусу.
  • 2011 жылы 14 сентябрда Бишкек шаарындагы Улуттук онкология борборунун жандандыруу бөлүмүндө кайтыш болгон.

Үй бүлөсү түзөтүү

Атасы – Бегалиев Иманакун (1921-1996 ж. / Сары-Булак айылы) узак мезгил көп улуттуу (кыргыз, орус, казак, болгар, татар, карачай ж.б.) Фрунзе айылында башкы эсепчи болуп эмгектенген.

Энеси – Кайпекова Сокеш (1924-2014 ж. / Күрмөнтү айылы) Фрунзе айылында мектепте биология мугалими болгон.

Аялы – Кудуева Гульсара Аскаровна (1951 ж. / Кочкор айылы, Нарын областы) убагында жетекчи кызматтарда, Бишкек шаарындагы илим, билим берүү тармагында эмгектенген. Кыргыз республикасынын билим беруу отличниги, Эмгектин ардагери наамынын ээси, эс алууда.

КызыБегалиева Асель Сувакуновна (1977 ж. / Бишкек ш.) тарых илимдердин доктору, профессор.

Билими түзөтүү

  1. 1969-1975 жж. - Москва мамлекеттик тарых – архив институту
  2. 1979-1983 жж. - СССР илимдер академиясынын, СССР тарых институтунун Ленинграддагы бөлүмүнүн аспиранты (күндүзгү)
  3. 1985 ж. - тарых илимдеринин кандидаты Ленинград (Санкт-Петербург). Диссертациянын темасы: "1917-1920 ж. советтик жумушчу – дыйкан кыргыз милициясынын жаралышы жана өнүгүү аракети тарыхы".
  4. Политолог – Кесипкөйлүктү жогорулатуу жана кошумча билим / КазНУ Аль-Фараби атында / Алматы, 1992 ж.
  5. Доцент / Бишкек, 1993 ж.

Бегалиев Сувакун Иманакунович – Советтер союзунда, эгемендүү Кыргызстанда тарыхчылардан биринчилерден болуп кыргыздын, Кыргызстандын “актай барактары” – болгон - 1916 жылдагы “Үркүн” маселесин, тарыхын / Кыргызстандагы саясий репрессия жана депортация, басмачы кыймылы жана жарандык согуш ж.б. / коомчулукка ар-тараптуу талкууга көтөрүп чыккан.

1971-2011 жылдар аралыгындагы эмгек жолу: түзөтүү

  • Москва – ГУВД 107 бөлүм, милиционер.
  • Кыргыз Республикасынын борбордук мамлекеттик архиви – илимий кызматкер, улук археограф, бөлүм башчы.
  • Кыргыз Республикасынын Илимдер Академиясынын тарых институтунда илимий кызматкер.
  • Кыргыз Мамлекеттик Медицина институтунда кафедра башчы.
  • МВД КРнын (Академия МВД), Бишкек жогорку мектебинде кафедра начальнигинин орун басары, начальниги, милициянын подполковниги.
  • И. Арабаев университетинде (институт восточных языков и культур) кафедра башчы.
  • Республиканын илим, билим Министирлигинде аттестация жана лицензия бөлүмүндө башкы адис.
  • Кыргыз Республикасынын ЖК төрагасынын пресс катчысы.
  • Орто Азиядагы эл аралык Кызыл Ай комитетинин кенешчиси.
  • Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында доцент, и.о. профессор, профессор: Медицина институту, И. Арабаев университети,
  • Кыргыз-Кувейт университети, Кыргыз-Орус билим академиясы (КРАО), Кыргыз-Орус Славян университети (КРСУ).

Илимий эмгектеринин тизмеги: түзөтүү

Эмгектери орус тилинде жазылгандыктан кыргыз тилине которулбай берилди.

1. Бегалиев С. И. Басмачество — новый взгляд. Кыргызы и Кыргызстан: опыт нового исторического осмысления. Бишкек, 1994.

2. Бегалиев С. И. и др. Архивные документы свидетельствуют: депортированные народы в Кыргызстане. Бишкек, 1995.

3. Бегалиев С. И., Асаналиев Т. А. и др. История милиции Кыргызстана (1917—1928 гг.). Бишкек, 1996.

4. Бегалиев С. И., Айдаркул К. и др. История Кыргызстана. Учебное пособие для поступающих в высшие учебные заведения Кыргызской Республики. Бишкек, 1996.

5. Бегалиев С. И., Плоских В. М., Курманов З. К. Абдыкерим Сыдыков — национальный лидер. Бишкек,1999.

6. Бегалиев С. И. Депортированные народы в Кыргызстане (1943—1944 годы). Вестник МУК. Научно-информационный журнал. Международный университет Кыргызстана. Бишкек, 2000. № 3(11).

7. Бегалиев С. И., Садабаева Д. Ю. Архивные документы как источники по истории депортированных народов в Кыргызстане (1943—1956). Вестник МУК. Научно-информационный журнал. Международный университет Кыргызстана. Бишкек, 2000. № 3(11).

8. Бегалиев С. И., Ройтер А. Д. и др. Через гуманизм — к миру. Учебное пособие к курсу «Человек и общество». Международный Комитет Красного Креста. Бишкек, 2002.

9. Бегалиев С. И. Совместные Кыргызско-Германские предприятия и проекты в Кыргызстане. (Рецензия на диссертацию Уланбека Акматбаева «Кыргызстан — Германия: Проблемы становления и развития межгосударственных отношений»).

10. Бегалиев С. И. Прием и расселение депортированных народов по областям Киргизской ССР (1943—1944 гг.). «Билим жана тарбия» Научно-педагогический журнал Восточного Университета имени М. Кашгари-Барскани. Бишкек, 2004. № 3.

11. Бегалиев С. И. Немцы в Кыргызстане: репрессии и переселение в 30-50 гг. ХХ в. «Билим жана тарбия». Научно-педагогический журнал Восточного Университета имени М. Кашгари-Барскани. Бишкек, 2007. № 2.

12. Бегалиев С. И., Сулайманов Ж. И. Депортированные народы Кавказа в Кыргызстане. Размышления на «рельсах судьбы». Бишкек, 2012.

13. Курманов З. К., Бегалиев С. И., Самсонов В. Д. Постановления сессий ЦИК Киргизии (1927—1937 гг.) Сб. док.. — Фрунзе: Кыргызстан, 1986. — 326 с. — 1000 экз.

14. Курманов З., Бегалиев С. Под знаменем Великого Октября. — Фрунзе: Знание, 1987. — 45 с. — 300 экз.

15. Курманов З., Бегалиев С. Очерк истории колхоза им. И.Кочкорбаева. — Фрунзе,1990. — 86 с. — 500 экз.

16. Курманов З. К., Бегалиев С. И., Семенов В. Д. и соавт. Тридцать седьмой год в Киргизии (Возвращенные имена). — Фрунзе: Кыргызстан, 1991. — 253 с. — 1000 экз.

17. Курманов З. К., Плоских В. М., Джунушалиев Дж. Дж., Бегалиев С. И. и соавт. Кыргызы и Кыргызстан: опыт нового исторического осмысления. — Бишкек: Илим, 1994. — 1000 экз. — ISBN 5-8355-0764-X.