Бегимай Бекбоева

Кыргызстандык ырчы жана актриса

Бегимай Бекбоева (1990-2023) — Кыргызстандык ырчы жана актриса.

Бегимай Бекбоева
Туулган датасы

27 -апрель 1990(1990-04-27)

Туулган жери

Нарын, Кыргыз ССРи, СССР

Өлгөн датасы

17 -январь 2023(2023-01-17) (32 жаш)

Өлгөн жери

Бишкек, Кыргызстан

Өлкө

 Кыргызстан

Кесиптери

ырчы, актриса

Активдүү жылдары

20022023

Кызматташтык

Гулжигит Сатыбеков

Super.kg: ID 291

Өмүр баяны түзөтүү

Бегимай Бекбоева 1990-жылы 27-февралда Нарында төрөлгөн. Атасы Токторбек Бекбоев обончу, аткаруучу, актёр. Апасы Жаңыл Кудайбергенова актриса, куудул.Бегимай алгач сахнага 5-классында Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Каныкей Эралиеванын концертинде Асел Турдалиеванын "Эх, байке" деген ыры менен чыккан.

Ырчы бир нече тасмаларга тартылган. Ал алгач ирет актёрлукка болгон тушоосун "Кылмыш" тасмасында кескен. Анда Бегимай Бекбоева тоскоолдуктарды кыйналбай жеңип, ролун мыкты жаратууга жетишкен. Кийинчирээк Айбек Карымов режиссёрлук кылган "Эгиз тагдыр" тасмасында терс каарман Айкыздын ролун аткарган.

2017-жылы ырчы жеке турмушунда боло турган өзгөрүүнү жар салып, турмуш кураарын айткан. 2019-жылы дарыгерлер ырчынын баш мээсинде шишик бар экенин аныкташкан. Ошол эле жылы Улуттук онкология жана гематология борборунда башына операция жасалып, шишикти алып салышкан. 2019-жылы май айында Бегимай Бекбоева турмуш жолуна узаган. Жолдошу Баткен облусунун Лейлек районунан. 2020-жылдын 22-март күнү туң наристесин жыттап, эне болуу бактысын сезген.

Тасмаграфиясы түзөтүү

  • Кылмыш —
  • Эгиз тагдыр — Айкыз

Шилтемелер түзөтүү