Ырчы
Ырчы — ырды шыдыр жараткан төкмө, жамакчы, акын. Кыргыздарда акын маанисинде гана айтылат. Манастын "топ жаруучу ырчысы" (Саякбай Каралаев, 1. 194) Ырамандын ырчы уулу Көкөтөйдүн ашында жарчы болгон. Ы-лар жар чакырууда, көңүл ачууда, бирөөлөрдүн жакшы-жаман сапаттарын сүрөттөөдө кеңири пайдаланылган: "Ырчыларга мактатып" (Сагымбай Орозбаков, 3. 11), "Сурнайды суулап тартышып, ырчылар ырын айтышат" (Сагымбай Орозбаков, 1. 78) жана башкадар Ал эми: "Жайсаң ырчы дегени Жалаң үйдүн борумун Жарым күнчө ырдаган" (Сагымбай Орозбаков, 2. 11). М. Ауэзов "Манасты" алгач ыр түрүндө жараткан ушул Жайсаң ырчы болуу керек деген божомолду айткан, к. Акын.
![](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/3/3e/Jolin_Tsai_2015_Hito_Music_Awards.png/220px-Jolin_Tsai_2015_Hito_Music_Awards.png)
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4