Бейшембаев Кыдыр (1921, Жети-Өгүз району, Ак-Дөбө айылы — 1978, Каракол ш.) — тилчи. Филология илимдеринин доктору (1974), профессор (1975).
1939-ж. Пржевальск педагогикалык окуу жайын, 1943-ж. Пржевальск мугалимдер институтун, 1947-ж. Фрунзе педагогикалык институтун бүткөн. Кыргызстан ИАнын Тил жана адабият институтунда кенже илимий кызматкер, 1947—49-ж. Кыргызмамбаста редактор, 1949—54-ж. Ош мугалимдер окуу жайында, Ош педагогикалык институтунда окутуучу.
1954—69-ж. Пржевальск педагогикалык институтунда окутуучу, улук окутуучу, кафедра башчысы.
1969-жылдан кайрадан Кыргызстан ИАнын Тил жана адабият институтунда улук илимий кызматкер.
Эмгектери кыргыз адабиятынын тарыхына жана А. Токомбаевдин чыгармачылыгына арналган.
100дөн ашык илимий эмгектин автору.
Медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.