Бейшеналиева Динара
Бейшеналиева Динара – акын. Талас районунун Арал айылында 1967-жылы 19-июлда туулган.
1985-жылы орто мектепти, 1988-жылы Талас шаарындагы медициналык окуу жайын бүтүргөн.
Эмгек жолун 1985-жылы Бишкек шаарындагы республикалык оорукананын неврология бөлүмүндө медайым болуп иштөө менен баштаган. 1996–2003-жж. “Асаба”, “Ордо” гезиттеринде кабарчы болуп иштеген.
Алгачкы ырлары 1985-жылы Талас райондук “Эмгек жарчысы” гезитине жарыяланып, кийин чыгармалары облустук “Талас турмушу”, республикалык “Ленинчил жаш”, ”Кыргызстан маданияты”, “Асаба”, ”Агым” гезиттеринде, “Учкун” альманахында жарыялана баштаган.
1992-жылы алгачкы ”Кызыл алма” аттуу китеби жарык көргөн.
Ага “Кыргыз руху” гезити ”2009-жылдын эң мыкты акыны” деген сыйлык ыйгарган.
2009-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.
Жарык көргөн китептери
түзөтүүКыргыз тилинде
түзөтүүКызыл алма: Ырлар. - Б.: Кыргызстан, 1992. - 151 б.
Турна бийи: Ырлар. - Б.: Бийиктик, 2009. -237 б.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Кыргыз Республикасынын жазуучулары/Кыргызпатент.Түз.: М. Ааматов, А.Чекиров, Ө.Калыева. – Б.: 2011. – 456 б. ISBN 978-9967-26-379-6
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|