Болот Бейшеналиев

Бейшеналиев, Болот‎»‎ барагынан багытталды)

Болот Бейшеналиев (25. 6. 1937, Чүй облусу, Кемин району, Калмак ашуу кыштагы 18. 11. 2002, Бишкек) артист, киноактёр, КРдин эл артисти (1995), «Алтын көпүрө» (Казакстан) эл аралык сыйлыгынын лауреаты (2001). Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын алдындагы 2 жылдык студияны, А. Н. Островский атындагы Ташкен театр искусствосу институтун (1962) бүтүргөн. «Кыргызфильм» киностудиясында режиссёрдун ассистенти, актёр, Кыргыз мамлекеттик академия драма театрында (1970-75), «Мосфильм» киностудиясында (1976-91), 1992-жылдан Республика жаштар театрында эмгектенген. Бейшеналиев театрда жана кинодо көптөгөн аркыл мүнөздөгү образдарды түзгөн.

Болот Бейшеналиев.

Театрда аткарган ролдору: Ассистент (Н. Хикмет, «Унутулган адам»), Дербиш (М. Карим, «Ай тутулган түндө»), Исабеков (Ч. Айтматов, К. Мухамеджанов, «Фудзиямадагы кадыр түн») ж. б. «Кыргызфильм» студиясында тартылган кинофильмдерде Боз үйдүн ээси («Тайгак кечүү», 1964), Болот («Ак Мөөр», 1968), Касым («Саманчынын жолу», 1967), Эркин («Көз кареги», 1975), Дүйшөн («Биринчи мугалим», 1965), Азизов («Уркуя», 1970), Дубана («Манас ааламы», 1995), Карыя («Томого», 2001) ж. б. образдарды жараткан. Он алты жыл «Мосфильм» киностудиясында иштеп, башкы жана эпизоддук ролдорду аткарган. Белгилүү орус кинорежиссёру А. Тарковскийдин «Андрей Рублёв» кинофильминде хандын ролун ойногон (1967). Б. 1991-ж. Кыргызстанга кайтып келген. Жаңы заман жана келечек муун үчүн күрөш жүргүзгөн оптимисттик рухтагы Дүйшөн, Миркамил сыяктуу революционерлердин, тарыхта аты калган хандардын гана образдарын жаратпастан, согуш темасындагы фильмдерде аскер адамдарынын мүнөздөрүн да терең ачып берген. «Ташка баткан элестер» (реж. Ү. Ибрагимов, 1975) фильминде майдандан жарадар болуп келген Эсенгелдинин образын көрүүчүлөргө ишенимдүү тартуулаган. «Гоби жана Хинган аркылуу» (реж. В. Ордынский, 1981) фильминдеги япон генералы Сиро Исспнин, ашкере канкор адамдын, ролун аткарган. Бейшеналиевдин чыгармачылыгы «Өзбекфильм» студиясы менен да байланыштуу: Каюм («Келгин куштар», 1966), комиссар М. Миршарапов («Кызыл кумдар», 1968), Качкын («Акыркы ок», 1973), Спаут («Абу Рейхан аль-Бируни», 1974) ж. б., ошондой эле «Казакфильм» студиясында Таир («Горизонттор», 1972), Ван («Ажыдаар жылы», 1981), Тыңчы («Даңазалуу Чокан», 1984), Бөжөй («Абай», 1990), Чыңгыз хан («Отрардын кыйрашы», 1991) хан Эмир («Алардын эң назиги», 1996) ж. б., «Тажикфильм» студиясында Саттар («Унутта калган ашуу сыры», 1972), Мырзакул («Ганг таңы», 1976), Көзбоочу («Ак илбирстер», 1984) ж. б. образдарды жараткан. Ал Венгриянын «Мафильм», Чехословакиянын «Баррандов», Германиянын «ДЕФА», ошондой эле «Беларусфильм», «Довженко», «Молдовафильм», «Ленфильм», «Экран», «Свердловфильм», «Горький», «Одесса» киностудияларында да киного тартылган. Бейшеналиев кинематографияга арнаган отуз жети жылдык өмүрүндө 100дөй кинодо кайталангыс образдарды жараткан. Монгол Республикасынын Достук ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. /Башкы ред. Асанов Ү. А. К 97 Б.: Мамл. тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4