Саид Бекмуратов

саид бекмуратов
Бекмуратов Саид‎»‎ барагынан багытталды)

Бекмуратов Саид (1901, Ош облусу, Карасуу району, Жыл келди кыш. -1966, Бишкек) – кыякчы, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти (1939).
Совет бийлигин чындоодо басмачыларга каршы күрөшкө, жерсүү реформасын ишке ашырууга, коллективдештирууго катышкан. Кыяк тартып, комуз черткенди чоң атасы Калым беттен уйронот. Кийин Нармат, Айдаралы, Ашыр сыяктуу чоң кыякчылардан таалим алган. 1933-ж. Бишкекке чакырылып, музыкалуу драма театрында, 1936-61-ж. филармонияда иштеген. “Сырдаш”, “Кер озон”, “Бек арстан Тайчы”, “Ак токту”, “Ат кетти”, “Шырдак-бек”, “ Паризат”, “Бери чык” ж.б. күүлөрү бар. Кыргыз адабияты менен искусствосунун эки жолу Москвада өткөн он күңдүктөрүңө (1939,1958) катышкан. “Ардак Белгиси” ордени, медалдар менен сыйланган.

Бекмуратов Саид

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз тарыхы энциклопедия. 2003-ж.

Айрым шилтемелер түзөтүү

Кыякчы САИД