Бекмурзаев Кадыр (1913-жылы азыркы Өзгөн району, Татты-Була кыштагы — 2001-жылы ошол эле жерде) — айыл чарба өндүрүшүн уюштуруучу, Социялистик Эмгектин Баатыры (1948)1 1940-жылдан КПСС мүчөсү. Эмгек жолун 1928-жылы колхозчудан баштаган, артелге биринчилерден болуп өткөн. 1932-жылдан партиялык, советтик кызматтарда, 1944-жылдан Өзгөн районунун «Маданият» колхозунун председатели болгон. Анын жетекчилигинде колхоздун экономикасы бир кыйла чыңдалган. Ал башкарган колхоз 1947-жылы 40,5 га сугат жердеги буудайдын ар гектарынан 30,4 аден, 1700 га кайрак жерден 18 цден түшүм алган.

Сыйлыгы түзөтүү

Ленин ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Борбугулов М. "Ош тарыхы энциклопедия" Фрунзе 1989-ж.
  • Музалевский М. В. Герои Социалистического Труда. Биобиблиографический словарь. — М.: РИЦ "Кавалер", 2008. — Т. 2. — 200 с.
  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1