Бектенов, Касымалы (1910-20.6.1975) - жазуучу, драматург. Ысык-Көл районунун Долинка кыштагында 1910-жылы туулган. Ата-энесинен эрте ажырап, көп жылдар бою батрак болуп жүрөт да, анан рабфакка окууга кирет.

1929–1934-жж. Нарын кантонундагы комсомол комитетинде, кийин республикалык радио комитетте иштейт. 1935-1941-жж. театр искусствосунун мамлекеттик институтунда окуйт, Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде Советтик Армиянын катарында кызмат кылат.

1945–1947-жж. Кыргызстан мамлекеттик драма театрында артист, Пржевальскидеги облустук драма театрында башкы режиссер, 1952-1957-жж. Кыргызстан мамлекеттик драма театрынын директору, Кыргыз ССРинин Маданият министрлигинин кинематография боюнча башкы башкармасынын орунбасары, 1958-1962-жж. Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин алдындагы Кино боюнча башкы башкармалыгынын башчысынын орунбасары, 1964-жылдан өмүрүнүн аягына чейин Т.Сатылганов атындагы Кыргыз филармониясынын адабият бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

1954-жылы «Тоо арасында» аттуу китеби жарык көргөн. 1955-жылы анын «Берекелүү өрөөн», «Бут башка таарынат» аттуу пьесалары коюлган. К.Бектенов А.А.Фадеевдин «Разгром» романын, кытай жазуучулары Мао Дун жана Лу Синьдин чыгармаларын кыргыз тилине которгон. 1951-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.

1970-жылы «Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти» ардак наамын алган.

1958-жылы кыргыз искусствосунун декадасында «Ардак белгиси» ордени жана Кыргыз ССР Жогорку советинин Президиуму тарабынан Ардак грамоталар менен сыйланган. Фрунзе шаарынын КП Биринчи Май райондук комитетине мүчө болуп шайланган.

Жарык көргөн китептери түзөтүү

Кыргыз тилинде түзөтүү

Тоо арасында: Аңгеме. - Ф.: Кыргызмамбас, 1954. - 56 б.

Токсондогу чал жана анын неберелери. - Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1954. - 39 б.

Күндө өсөбүз: Тестиер балдар үчүн. - Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1957. - 64 б.

Таабалды-Пудовкин: Повесть. - Ф.: Кыргызмамбас, 1959. - 220 б.

Куйручук. - Ф.: Кыргызмамбас, 1960. - 175 б.

Апа, китеп окуп берчи: Бөбөктөр үчүн. - Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1960. - 24 б.

Таабалды-Пудовкин. - Ф.: Кыргызмамбас, 1962. - 208 б.

Болгон экен. - Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1963. - 71 б.

Эки бала жана таан: Аңгемелер. - Ф.: Мектеп, 1964. - 30 б.

Райкандын күлкүсү: Аңгемелер. - Ф.: Мектеп, 1964. - 111 б.

Сөөк өчтү: Повесть. - Ф.: Мектеп, 1967. - 244 б.

Куйручуктун күлкүсү. - Ф.: Мектеп, 1970. - 28 б.

Мени унутпа: Повесть жана аңгемелер. - Ф.: Кыргызстан, 1970. - 151 б.

Досумдун күлкүсү: Аңгемелер. - Ф.: Мектеп, 1973. - 131 б.

Таабалды-Пудовкин: Повесть. - Ф.: Мектеп, 1975. - 352 б.

Шайыр Шаршен: Эл куудулу Шаршен жөнүндө ой толгоолор. - Ф.: Кыргызстан, 1976. - 132 б.

Куйручук: Аңгемелер. - Ф.: Мектеп, 1978. - 143 б.

Баатыр баяны: Повесттер. - Ф.: Кыргызстан, 1980. - 360 б.

Куйручук: Аңгемелер. - Ф.: Мектеп, 1981. - 144 б.

Топулуу торгой: Жомок. - Ф.: Мектеп, 1985. - 16 б.

Саяпкердин көз жашы. - Ф.: Кыргызстан, 1987. - 224 б.

Апа китеп окуп берчи: Аңгемелер. 2-бас. - Ф.: Адабият, 1989. - 32 б.


Орус тилинде түзөтүү

Хохлатый жаворонок.: Сказка для детей дошкольного возраста. - Ф.: Киргизучпедгиз, 1959. - 60 с.

Смех моего друга Райхана. - Ф.: Киргосиздат, 1964. - 198 с.

У горячего озера: Повесть. - Ф.: Киргизучпедгиз, 1964. -67 с.

Смех Куйручука. - Ф.: Киргосиздат, 1964. - 198 с.

У горячего озера: Повесть. - Ф.: Мектеп, 1965. - 56 с.

Таабалды-Пудовкин: Повесть. - Ф.: Киргосиздат, 1967. - 229 с.

Смех моего друга Райхана. - М.: Сов. писатель, 1969. - 207 с.

Хохлатый жаворонок: Сказка. - Ф.: Мектеп, 1971. - 14 с.

Смех Куйручука: Рассказы. - Б.: Адабият, 1991. - 144 с.

Котормолору түзөтүү

Бианки В.И. Егорканын кызматы: Аңгемелер. - Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1955. - 43 б.

Фадеев А.А. Талкалоо: Аңгеме. - Ф.: Кыргызмамбас, 1957. - 188 б. Разгром.

Бианки В.И. Егорканын кызматы: Аңгемелер. - Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1959. - 176 б.

Мао Дунь. Таң алдында. - Ф.: Кыргызмамбас, 1961. - 536 б. Перед зарей.

Колдонулган адабияттар түзөтүү