Бектенов Касымалы
Бул макаланын мазмунун «Бектенов, Касымалы» макаласына көчүрүү керек. Сиз макалаларды бириктирип долбоорго жардам бере аласыз.
Бириктирүүнүн максатка ылайыктуулугун талкуулоо талап болсо, бул калыпты {{бириктирүүгө}} калыбына алмаштырыңыз жана Уикипедия: Бириктирүүгө барагында тиешелүү жазуу жүргүзүңүз. Сураныч, ошондой эле оңдоолор тарыхын да карап чыгыңыз. |
Бектенов Касымалы (1910-1975) - жазуучу, драматург, актер, режиссер.
Кыскача өмүр жолу түзөтүү
Касымалы Бектенов Ысык-Көл районунун Долинка кыштагында туулган. Ата-энесинен эрте ажырап, көп жылдар бою батрак болуп жүрөт да, анан рабфакка окууга кирет.
1929–1934-жж. Нарын кантонундагы комсомол комитетинде, кийин республикалык радио комитетте иштейт.
1935-1941-жж. театр искусствосунун мамлекеттик институтунда окуйт, Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде Советтик Армиянын катарында кызмат кылат.
1945–1947-жж. Кыргызстан мамлекеттик драма театрында артист, Пржевальскидеги облустук драма театрында башкы режиссер,
1952-1957-жж. Кыргызстан мамлекеттик драма театрынын директору, Кыргыз ССРинин Маданият министрлигинин кинематография боюнча башкы башкармасынын орунбасары,
1958-1962-жж. Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин алдындагы Кино боюнча башкы башкармалыгынын башчысынын орунбасары,
1964-жылдан өмүрүнүн аягына чейин Т.Сатылганов атындагы Кыргызфилармониясынын адабият бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.
1954-жылы «Тоо арасында» аттуу китеби жарык көргөн.
1955-жылы анын «Берекелүү өрөөн», «Бут башка таарынат» аттуу пьесалары коюлган. К.Бектенов А.А.Фадеевдин «Разгром» романын, кытай жазуучулары Мао Дун жана Лу Синьдин чыгармаларын кыргыз тилине которгон.
1951-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.
1970-жылы «Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти» ардак наамын алган.
1958-жылы кыргыз искусствосунун декадасында «Ардак белгиси» ордени жана Кыргыз ССР Жогорку советинин Президиуму тарабынан Ар-дак грамоталар менен сыйланган. Фрунзе шаарынын КП Биринчи Май райондук комитетине мүчө болуп шайланган.
Жарык көргөн китептери түзөтүү
Кыргыз тилинде
Тоо арасында: Аңгеме. Ф.: Кыргызмамбас, 1954. 56 б.
Токсондогу чал жана анын неберелери. Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1954. 39 б.
Күндө өсөбүз: Тестиер балдар үчүн. Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1957. 64 б.
Таабалды-Пудовкин: Повесть. Ф.: Кыргызмамбас, 1959. 220 б.
Куйручук. Ф.: Кыргызмамбас, 1960. 175 б.
Апа, китеп окуп берчи: Бөбөктөр үчүн. Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1960. 24 б.
Таабалды-Пудовкин. Ф.: Кыргызмамбас, 1962. 208 б.
Болгон экен. Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1963. 71 б.
Эки бала жана таан: Аңгемелер. Ф.: Мектеп, 1964. 30 б.
Райкандын күлкүсү: Аңгемелер. ф.: Мектеп, 1964. 111 б.
Сөөк өчтү: Повесть. Ф.: Мектеп, 1967. 244 б.
Куйручуктун күлкүсү. Ф.: Мектеп, 1970. 28 б.
Мени унутпа: Повесть жана аңгемелер. Ф.: Кыргызстан, 1970. 151 б.
Досумдун күлкүсү: Аңгемелер. Ф.: Мектеп, 1973. 131 б.
Таабалды-Пудовкин: Повесть. Ф.: Мектеп, 1975. 352 б.
Шайыр Шаршен: Эл куудулу Шаршен жөнүндө ой толгоолор. Ф.: Кыргызстан, 1976. 132 б.
Куйручук: Аңгемелер. Ф.: Мектеп, 1978. 143 б.
Баатыр баяны: Повесттер. Ф.: Кыргызстан, 1980. 360 б.
Куйручук: Аңгемелер. Ф.: Мектеп, 1981. 144 б.
Топулуу торгой: Жомок. Ф.: Мектеп, 1985. 16 б.
Саяпкердин көз жашы. Ф.: Кыргызстан, 1987. 224 б.
Апа китеп окуп берчи: Аңгемелер. 2-бас. Ф.: Адабият, 1989. 32 б.
Орус тилинде
Хохлатый жаворонок.: Сказка для детей дошкольного возраста. Ф.: Киргизучпедгиз, 1959. 60 с.
Смех моего друга Райхана. Ф.: Киргосиздат, 1964. 198 с.
У горячего озера: Повесть. Ф.: Киргизучпедгиз, 1964. 67 с.
Смех Куйручука. Ф.: Киргосиздат, 1964. 198 с.
У горячего озера: Повесть. Ф.: Мектеп, 1965. 56 с.
Таабалды-Пудовкин: Повесть. Ф.: Киргосиздат, 1967. 229 с.
Смех моего друга Райхана. М.: Сов. писатель, 1969. 207 с.
Хохлатый жаворонок: Сказка. Ф.: Мектеп, 1971. 14 с.
Смех Куйручука: Рассказы. Б.: Адабият, 1991. 144 с.
КОТОРМОЛОРУ
Бианки В.И. Егорканын кызматы: Аңгемелер. Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1955. 43 б.
Фадеев А.А. Талкалоо: Аңгеме. Ф.: Кыргызмамбас, 1957. 188 б. Разгром.
Бианки В.И. Егорканын кызматы: Аңгемелер. Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1959. 176 б.
Мао Дунь. Таң алдында. Ф.: Кыргызмамбас, 1961. 536 б. Перед зарей.