Бектуров Жумадил (1935–2006) - акын.

Жумадил Бектуров 1935-жылы 15-декабрда Тянь-Шань районундагы Чет-Нура айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган.
1956–1961-жж. Ак-талаа райондук маданият үйүнүн директору, «Колхоз эмгеги» райондук гезитинде адабий кызматкер, «Ленинчил жаш» гезитинде кабарчы, бөлүм башчы,
1969-жылы «Советтик Кыргызстан» гезитинде адабий кызматкер, жооптуу катчы, Нарын облусу боюнча өз кабарчы,
1979-жылы «Мектеп» басмасында редактор, улук редактор, «Адабият», «Кыргызстан» басмаларында редактор, улук редактор болуп иштеген.

Чыгармачылык жолу «Колхоз эмгеги» гезитине «Кел жаңы жыл» деген ырынын басылып чыгышы менен башталат.
Г.Гулианын «Омар Хайамдын айткандары жөнүндө» романын кыргыз тилине которгон.
Ж.Бектуровдун көптөгөн ырларына обон чыгарылган. «Дилжанар» сыяктуу 20дан ырлары музыкалык фондго жазылып алынган. 1993-жылдан Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ түзөтүү

Кыргыз тилинде:

  • Жер менен Күн ортосунда: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1981-ж. – 74 б.
  • Ак өргөө: Ырлар, жаштар үчүн. – Ф.: Мектеп, 1985-ж. – 71 б.
  • Эмгек күжүрмөндөрү: Очерктер. – Ф.: Кыргызстан, 1969-ж. – 80 б.
  • Калкагар: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Адабият, 1990-ж. – 100 б.
  • Дилжанар: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Шам, 1990-ж. – 207 б.
  • Дил кайрык: Ырлар. – Б, 2002-ж.

КОТОРМОЛОРУ түзөтүү

  • Г.Гулиа. Омар Хайамдын айткандары жөнүндө: Жаштар үчүн. – Ф.: Мектеп, 1987-ж. – 400 б.

‏‎