Белеха чокусу - Алтай тоосунун эң бийик чокулары. Катын кырка тоосунун чыгыш бөлүгүндө. Эки чокудан турат: Батыш Белеха (бийиктиги 4440 м) жана Чыгыш Белеха (4506 м). Капталдарында жалпы аянты 70 км2ге жеткен мөңгүлөр (Менсу, Катын, Берель ж. б.) бар. Чокунун аты «кар-мөңгүлүү» деген мааниде.

Белеха чокусу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4