Беловодский (Ак-Суу) кум-шагыл кени

Беловодский (Ак-Суу) кум-шагыл кени Чүй облусунун Москва районунда, Беловодский т. ж. бекетинен 4 км түштүк-батышта, Ак-Суу суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 760–900 м бийиктикте. 1973-ж. Түндүк Кыргыз геол. экспедициясы тарабынан геол. чалгындоо жумуштары жүргүзүлүп, запасы эсептелген. Кен Ак-Суу суусунун кашатын бойлой жайгашып, аллювий чөгүндүлөрүнөн турат. Шагыл таштар жакшы жумуруланган. Калыңдыгы 10 м. Шагылдардан 20 ммден ирилери 55%ти түзүп, майдалоону талап кылат. Куму 17,6%, ири жана орточо бүртүкчөлүү. Арасында чаң менен чопо 10%ке чейин. Чаңын жууп тазалагандан кийин пайдаланууга сунуш кылынат. Кендеги шагыл-кумдан «300» маркасындагы бетон жасоого болот. Жол курууда колдонулат. 1997-жылга карата баланстагы запасы А+В категориясы боюнча 727 миң м3, С1– 3684 миң м3.

Колдонулган адабияттар түзөтүү