Белтирлер — бүгүнкү хакастардын курамындагы этностук топ. Хакас тилинде «пилтир» деп аталат. 18-к. чейин Абакандын жээгинен Арбат жана Табатка чейин жерлерди байырлаган кыргыздардын бир уруусу. Уруулук аталыштын параллелдери Фу-ю кыргыздарынан «былтырды», кыргыздын бугу уруусунун курамынан «билдир» формасында кездешет. Хакас оозеки чыгармаларында бел- тирлер 1703-ж. Жунгарияга зордоп көчүрүлгөн кыргыздардын өз мекенине кайтып келген бөлүгү катары баяндалат. Орус жазма булактарында белтирлер 1635-жылдан белгилүү. Минусин ойдуңун (Кыргыз жерин) Россия басып алгандан соңку Кытайдын Цин империясы менен түзүлгөн Кяхта келишимине (1727-ж.) белтирлер да катышып, чек араны көзөмөлдөөгө укук алышкан. Учурда белтирлер тарыхый санжыраны жакшы билишет жана 15-18 муунга чейин өз тегин оозеки түрдө айтып бере алышат. Сагайлар менен бир диалектиде сүйлөшкөн белтирлердин энчилүү аты монгол тилинде «бир өңчөй эмес», «аралаш» маанилерин туюнтат. Ал эми хакас жана алтайлыктарда дарыянын, суулардын бириккен куймалары, коктулардын кошулган жерлерин билдирет. Учурда Тоолуу Алтайда Белтир аттуу айыл белгилүү. Кыргыздын баргы, бугу урууларынын курамдарында «билдир» аттуу уруктар бар экендиги белгилүү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү