Бензой альдегиди (бензальдегид), С6Н5СНО – ачуу бадам жыттанган, май сыяктуу, түссүз суюктук. Мол. масс. 106,118; балкып эрүү t 26оС, кайноо t 179,1оС; сууда начар эрийт; спирт, бензол, эфир, хлороформ менен бардык катышта аралашат. Б. а. альдегиддерге мүнөздүү бардык касиеттерге ээ: «күмүш-күзгү» реакциясына кирет, абадагы О2 менен бензой кислотасына чейин тез окистенет. Cинил кислотасын, натрий бисульфитин оңой кошуп алат, ошондой эле ароматтык альдегиддерге мүнөздүү реакцияларга кирет: 1) щелочтор эритмелерин ысытууда 2 мол. Б. а-нин бири бензил спиртине калыбына келип, экинчиси бензой кислотасына окистенет (Каниццаро реакциясы):

С6Н5СНО + ОНСС6Н5 + КОН С6Н5СН2ОН + С6Н5СООК

Б. а. KCN -нин катышуусундагы конденсация реакциясына кирип, бензоинди пайда кылат:

KCN

С6Н5-СОН+HOC-C6H5  C6H5-CHOH-CO-C6H5

бензоин

Б. а. хлорду таасир эткенде бензой к-тасынын хлорангидриди пайда болот:

С6Н5СОН + Cl2  C6H5COCl + HCl; Б. а. фенол же үчүнчүлүк ароматтык аминдер менен трифенилметан туундуларын, аммиак менен гидробензамидди пайда кылат. Ароматтык ядродогу орун алмашуу (мис., нитрлөө, хлорирлөө, сульфирлөө) негизинен мета-абалда жүрөт. Б. а. толуолду металлдар окистендирерин катышуусунда окистендирүүдөн:

240оC

С6Н5-СН3 + О2 — С6Н5СОН + Н2О,

o. эле бензилхлорид же бензилиденхлоридди гидролиздөөдөн алынат. Б. а. ачуу бадам, шабдаалы, алча, өрүктүн данектеринде кездешет. Б. а. фенилуксус альдеги, жыпар жыттуу заттар, боёктор алууда жана парфюмерияда жыт берүүчү зат катары, тамак-аш өнөр жайларда эссенциялар алууда колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү