Бензой кислотасы
Бензой кислотасы (бензолкарбон к-тасы), С6Н5СООН — эң жөнөкөй ароматтык к-та, түссүз, жалтырак кристаллдар, мол. масс. 122,05. Бензой кислотасынын эрүү 122,4°С, кайноо 249°C; жогорку температурада 370°С бензолго жана СО2 чейин ажырайт. Бензой кислотасына бардык монокарбон к-таларынын касиеттери мүнөздүү. Бензой кислотасы бензоилхлорид менен аракеттенишип бензой ангидридине (С6Н5СО)2О айланат. Бензой кислотасы жана анын эфирлери чайырларда, эфир майларында кездешет. Ал өндүрүштө суюк фазада 130-160°С, басым астында (308-790 кПа) катализатор катышуусунда толуолду окистендирүүдөн алынат. Лаб-яда бензоилтрихлоридди (С6Н5ССl3) жана бензонитрилди гидролиздөөдөн алынат. Бензой кислотасы жана анын туздары эң жогорку бактерициддик касиетке ээ. Ошондуктан алар тамак аш ө.ж-нда концервант катары (0,1 %) соустар, фарш, ширелердин курамына кошулат. Медицинада тери оорууларын дарылоодо, парфюмерияда колдонулат. Бензой кислотасы фенол, капролактам өндүрүүдө жана лактардын курамына анын жалтырактуулугун жана башка касиеттерин жогорулатууда кошулат. Бензой кислотасынын эфирлери жыттуу зат болгондуктан, алар косметикада кеңири колдонулат.
Булактар
түзөтүү- Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6