Бенилюкс мамлекеттери - Бельгия, Голландия жана Люксембург мамлекеттеринин аттарынан түзүлгөн термин жана ушул үч мамлекет менен алардын арасындагы союзду билдирүү үчүн колдонулат.

Көп тараптан бири-бирине окшош бул үч өлкө 1948-жылы күчүнө кирген бир келишим менен орток бажы тарифин кабыл алган. Убакыттын өтүшү менен бул өлкөлөр экономика саясатын бири-бирине жакындаштырып, кызмат- таштыкты өнүктүргөн жана 1958-жылы Гаагада кол коюлган келишимдин негизинде экономикалык уюм курган. 1960-жылы күчүнө кирген БЕНИЛЮКС Конвенциясы менен бирге экономикалык интеграция жолуна түшкөн бул үч өлкө айрыкча Европа Шериктештиги менен Жалпы экономикалык рыноктун тушунда кызматташтыгын дагы да бекемдеген жана саясий маселелерде да бирге иштешкен ынтымактуу топ катары таанылууда.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Эл аралык мамилелер сөздүгү/ Түз. Аббас Караагачлы; котор. Топчугүл Нармаматова, -Б.:КТМУ, 2008.- б. ISBN 978-9967-24-921-9