Бентонит (АКШдагы Бентон деген жердин атынан) - o монтмориллонит тобундагы минералдардан турган чополуу тоо тек.

Бентонит деңиз же көл түбүндө жанар тоо тектеринин химиялык өзгөрүүлөрүнөн пайда болот. Бентониттин ири кендери Түндүк Кавказда (Нальчик), Закавказьеде, Крымда, Волга боюнда, Өзбекстанда, Түркменистанда бар. Бентонит чополору Түштүк Кыргызстанда (Бешкен кени) бар.

Бентонит эң жакшы адсорбент катарында өсүмдүк менен малдын майын, винолорду тазалоодо, бургулоо иштеринде ж. б. колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.