Бердикеев, Канболот
Бердикеев, Канболот - жазуучу, публицист. 1938-жылы 1-сентябрда Жумгал районундагы Кайырма айылында туулган. 1955-жылы Чаек орто мектебин, 1960-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтунун ветеринардык факультетин аяктаган.
Эмгек жолун 1960-жылы В.И.Ленин атындагы колхоздо ветеринардык врач болуп иштөө менен баштаган. 1964-жылы райондук ветеринардык станциянын начальнигинин орунбасары, 1975-жылдан Жумгал райондук малды бордоп семиртүүчү колхоздо ветеринардык лабораториянын башчысы, башкы ветврач болуп иштеген. 1980-жылдан 1997-жылга чейин Чаек эт комбинатында ветврач болуп эмгектенет. Азыркы мезгилде ардактуу эс алууда.
Чыгармалары 1960-жылдан баштап басма сөз беттеринде жарыялана баштаган. 1976-жылы «Абийир» деген ат менен новеллалар жыйнагы жарык көргөн.
1979-жылдан СССР Жазуучулар союзунун, 1971-жылдан Кыргызстан Журналисттер союзунун мүчөсү.
Жарык көргөн китептери
түзөтүүКыргыз тилинде
түзөтүүАбийир: Новеллалар. – Ф.: Мектеп, 1976. – 50 б.
Көкө-мерен: Повесть жана жанытмалар. – Ф.: Мектеп, 1977. – 184 б.
Айдың-Көл: Повесть. – Ф.: Кыргызстан, 1984. – 172 б.
Нуска: Повесть. – Ф.: Кыргызстан, 1984. – 197 б.
Айып: Повесть, аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1986. – 288 б.
Капсалаң: Повесттер. – Б.: Кыргызстан, 1995. – 224 б.
Чоң апамдын жомогу: Повесть. – Б.: Изат, 1998. – 54 б.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- *Кыргыз Республикасынын жазуучулары/Кыргызпатент.Түз.: М. Ааматов, А.Чекиров, Ө.Калыева. – Б.: 2011 ISBN 978-9967-26-379-6
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|