Бердике (Манас эпосу)Манас эпосунун кейипкер, Жакыптын айылдашы, кеңешчиси. Алтайдагы окуялардан баштап, Манас Каныкейге үйлөнгөнгө чейинки эл чогулган жыйындарга, кеңешүүлөргө катышат. Көбүнчө Акбалта менен катар айтылып («Акбалта менен Бердике, Ак сакалдар барышты», Сагымбай Орозбаков, 2. 435), керек жерде кебин эл уккан нарктуу, насааттуу кары.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Манас энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4