Березина коругу - Белоруссиядагы мамлекеттик корук. Березина дарыясынын баш жагында жайгашкан.

Негизинен кем-четти сактап калуу жана көбөйтүү үчүн уюштурулган. Аянты 76, 5 миң га. Корукта кызыл карагай, кайын, эмен, карагай ж. б. өсөт. Жери саздак. Мында сүт эмүүчүлөрдүн 48, куштардын 200дөн ашык түрү мекендейт. Сүт эмүүчүлөрдөн багыш, бугу, каман, куну, күрөң аюу, суу күсөн, токой суусары, түлкү, кундуз, койон, тыйын чычкан ж. б. жашайт. Баалуу куштардын ичинен каракур, чил, кекилик көп. Березина коругунда кундуздун, кемчеттин жана туяктуу жаныбарлардын эколо-гиясыи изилдөө боюнча илимий изилдөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.