Берилий галогениддери, бериллий менен галогендер бирикмелери: ВеСI2, ВеВr2, ВеI2, ВеF2 сууда жакшы эриген, бир нече полиморфтук модификациясы бар, катуу ак зат. Щелочтуу жана щелочтуу жер металлдары фториддери менен кош туздарды – фтороберриллаттарды пайда кылат. Алар балкып эригенде электр тогун жакшы өткөрүшөт. Бериллий фториди металл түрүндөгү бериллий алуу үчүн колдонулат. Бериллий хлориди ВеCI2 сууну жеңил сиңирип, гидролизденүүчү бирикме: ВеCI2·4H2O жана ВеCI2·2H2O кристаллогидраттын пайда кылат. Бериллий алууда, орг. синтезде катализатор катарында пайдаланылат. Берилий бромиди ВеBr2 жана иодиди ВеI2 500оС эриген, касситтери б-ча ВеCI2ге жакын заттар. Б.г. башка бирикмелериндей эле өтө уулуу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү