Беринг кысыгы
Беринг кысыгы -Түндүк Муз океанын (Чукот деңизи) Тынч океаны (Беринг деңизи аркылуу) менен туташтырып, Азия менен Түндүк Америка материктерин бөлүп турган кысык.
Туурасы 35-86 км, тереңдиги 42 м. Октябрь - августта жылып жүрүүчү муздар каптап калат. Кысыктын ортосунан Диомид аралдары аркылуу СССР менен АКШнын мамлекеттик чек арасы өтөт. Кысыкты изилдеген жана биринчилерден болуп өткөн саякатчы В. И. Берим-дин ысымынан коюлган.
Колдонулган адабияттарОңдоо
Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.