“Бештентек” – бул Көктөм аттуу жашоодо жок, ойлоп чыгарылган айылда жашаган Тарапыш, Элсин, Мамыт, Айсал жана Жусик деген беш достор туралуу баян. Каармандардын жашоосу ар түрдүү сырдуу жана укмуштуу окуяларга толтура. Алар чогуу бирдикте көптөгөн маселе-кыйынчылыктарды баштарынан кечирип, баарын жеңип чыгышат. Алардын достугу көп сыноодон өтөт. Жакшылык менен жамандыктын ортосунда тандоо кылууга туура келет. Бирок эмне гана болбосун, алардын бир-бирине болгон ишеними бекем болуп, идеалдарынан баш тартышпайт. Бештентектин негизги айтайын деген ойу чынчылдык, кең пейилдик, кесипкөйлүк (адал эмгек менен акча табуу), абийирдүүлүк (ар кандай азгырыктарды эрчип кетпөө), мекенчилидик ж.б.у.с. адамзатынын түпкүлүктүү жакшы сапаттары аркылуу берилет. Мунун баары максат кылынган аудиторияга (10-15 жаштагыларга) кадыреседен сырткары медиа жана билим берүүчү каналдар аркылуу беш достун окуяларынын негизинде жеткирилет. Ар бир беш каармандын мүнөзү ар башка. Алар Кыргызстандын булуң-бурчтарында жүргүзүлгөн сурамжылоолордун жана фокус-топторду изилдөөнүн негизинде аныкталган адам архетиптерине ылайык түзүлгөн.

“Бештентек” окуяларынын алгачкы түрмөгү 2009-жылы тартууланган. Ал “Байлык үңкүрү” окуясын, анимациялык сериалды, ТВ жана радио ток-шоуларды, куурчак оюндарын, радиокоюуларды, флэш-анимацияны, комикстерди, үстөл оюндарын, боёмолорду, магниттерди жана прокуратура менен билим берүүчү мекемелердин кызматкерлери үчүн тренингдерди, Кыргызстандын бардык региондорунда орто мектептердин окуучулары үчүн сабактан кийинки сааттарды камтыган.

Экинчи түрмөк 2010-жылдын августунда башталды. Ал өзүнө “Бештентектин” эң ийгиликтүү медиа куралдарын (инструменттерин): анимациялык сериалдын уландысын, комикстердин сериасын, веб-сайттын ачылышын, боёмолорду, магниттерди жана 2011-жылдын тамга илинүүчү календарын камтыды.

Долбоордун автордук тобу

Долбоордун концепциясын иштеп чыккан эксперттик топ: Долженков Сергей Жусупбеков Бакир Лэнгстон Нэнси Сариева Эльвира Усенова Бегаим Чуприна Дмитрий Шишкараева Эльмира

Долбоордун жетекчиси: Сариева Эльвира

Көркөм жетекчиси: Насыранбеков Нурбек

Долбоордун координаторлору: Азимов Азим Акунов Руслан Кулатаева Наргиза

Сценардык топ: Анарбаев Нурлан Джумагулов Султан Кролевич Сергей Сарыгулов Баян

Билим берүүчү топ: Никифоров Максим Шишкараева Эльмира Мурзалиева Асема Нарбекова Жумагуль Султанбекова Жылдыз Фаттахутдинова Румия


«БЕШТЕНТЕК» КУУРЧАК ТЕАТРЫ Жетекчиси: Тойчубаев Кубан

Режиссер – коюучу: Асакеева Бурул

Актерлор: Азизова Мадина Асакеев Алтынбек Карымшаков Жаныбек Осмоналиева Айнура

Сүрөтчүлөр: Идрисов Максат Ишебаев Жум Бейшеналиев Нурлан Эрманбетова Перизат

«БЕШТЕНТЕК» АНИМАЦИАЛЫК СЕРИАЛЫ: Тасманын директору: Ли Андрей

Режиссер: Колотов Георгий

Сурөтчү - коюучу: Джумакалиев Нурбек

Звукорежиссерлор: Бекболиев Эгемберди Мурат Ажиев

Композитор: Жеенбаев Мурзали

Сүрөтчу - аниматорлор: Бейшебаев Жумгалбек Гуляева Екатерина Ишенов Рад Кутанова Диана Орлянский Станислав Осмонов Азат Шестаков Михаил Халмурзаев Эдуард


ТВ жана Радио топ: Айтимбетова Лира Арипова Гуля Клинчаева Оксана Миловацкий Роман Ольховская Татьяна


Долбоордун демөөрчүлөрү жана шериктештери

ДОЛБООРДУ ЖҮЗӨГӨ АШЫРГАН ЖЕРГИЛИКТҮҮ БЕЙӨКМӨТ, КООМДУК ЖАНА КОММЕРЦИЯЛЫК УЮМДАРДЫН КОНСОРЦИУМУ

Долбоорго жалпы жетекчилик КРдагы “Медиа Полиси Институту” коомдук фонду тарабынан ишке ашырылат, ал эми долбоордун ар бир шериктеши долбоордогу өз багытын иштеп чыгып жана ишке ашырат.Негизги мазмундук ишти аталган консорциумга кирген уюмдардын кызматкерлеринен турган чыгармачыл топ ишке ашырат.

КРдагы “Медиа Полиси Институту” (МПИ) КФ Кыргызстандагы алдыңкы медиа уюмдардын бири болуп саналат. Билим берүү жана медиа чөйрөсүндө жалпы улуттук медиа- жана коомдук өнөктүктөрдү өткөрүү боюнча кеңири тажрыйбага ээ. МПИ КРдагы бардык креативдик жана дизайнердик бюролор, продакш-студиялар жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен кызматташат. МПИ бүт дүйнөлүк «Internews International» ассоциациясынын ассоциациялуу мүчөсү болуп саналат.

“Балдар – коркунучта” балдарды колдоо коомдук фонду – консорциумдун шериктеши.Аталган фонд өз ишмердигин 2001-жылы декабрда баштаган. Кийинчерек бул коомдун жана Кыргыз-Орусия славян университетинин биргелешкен аракети менен, юристтердин Америка ассоциациясынын (ABA/ROLI) колдоосу астында Кыргыз-Орусия славян университетинин ЮНЕСКОнун “Конституциялык укук жана гендердик саясат” кафедрасында күнүмдүк укук Борбору (Street Law Center) түзүлгөн. Фонд жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары үчүн коррупцияны алдын алуу боюнча “Чынчыл жаңы муун” деп аталган класстан тышкары сабактарды өткөрүү тажрыйбасына ээ.

“Бигим” студиясы – консорциумдун шериктеши. Аталган студия он жылдан бери жергиликтүү жана эл аралык уюмдар менен биргеликте медиапродакшн секторунда ийгиликтүү иштеп келет. Студиянын чыгармачыл жамааты видео өндүрүшүндө 13 жылдан ашык мезгил бою алектенип келаткан кино жана телевидение чөйрөсүндөгү кесипкөйлөрдөн куралган. КРда бирден бир саналган жаш сүрөтчү-аниматорлорду даярдоо студиянын эң көрүнүктүү жетишкендиги катары саналат.

КРдагы “Радио жана телевидение ассоциациясы (РТА) ОЮЛу – консорциумдун шериктеши. РТА өлкөнүн теле-радиоберүүчүлөрүн бириктирген жалгыз ассоциация болуп саналат. РТА ТВ жана радио аркылуу бүт өлкөгө эфир гана бербестен, ошондой эле сапаттуу радио материалдарды өндүрүү менен алектенет. РТАнын бул долбоорго катышуусу заказчыга кыйла пайдалуу медиапакеттерди берип жана эфирге тез коюлушуна өбөлгө түзөт.

«I-Media» маркетинг коммуникациялар бюросу – консорциумдун шериктеши. «I-Media» «Бештентек» долбоорун иштеп чыккандардын бири болуу менен долбоорду жылдыруу боюнча, ошондой эле «Бештентектин” дизайны менен образдарын иштеп чыгып жана жүзөө ашырган маалымат өнөктүгүн жүргүзгөн шериктештерден.

Долбоор АКШнын эл аралык Өнүктүрүү агенттиги (USAID) аркылуу “Миң жылдыктар көйгөйү” эсебинин Босого программасынын алкагында америка элинин көмөгү менен ишке ашырылды. Долбоордун мазмуну USAIDдин же АКШ Өкмөтүнүн позициясын сөз жок эле чагылдырбайт.