Беш-Белчир минералдуу арашан суусу

Беш-Белчир минералдуу арашан суусу - дарыланууга жарамдуу жылуу булактар. Нарын облусунун Ат-Башы районунда, Нарын шаарынан 90 км, Ат-Башы кыштагынан 60 км түштүк-чыгыш тарапта, Ат-Башы кырка тоосунун түштүк-чыгыш капталындагы Арашан өзөнүнүн боюнда, деңиз деңгээлинен 3300 м бийиктикте. Булактар жергиликтүү элге илгертен белгилүү болсо да, алар жөнүндө алгачкы геол. маалымат 1920-ж. берилген. Суу девон мезгилинде пайда болгон акиташ тоотек катмарларынан чыгып, бири биринен 30 км аралыкта жайгашкан эки кайнар булактан турат. Дарылоочу негизги табигый фактору – көмүр кычкыл газдуу (СО2–0,44–1,3 г/л), гидрокарбонат-натрий-кальцийлүү суу (минералдануусу 3,5 г/л, температурасы 20°С); суткалык дебити 436 м3. Сууну ичүүгө жана ичеги-карын, бөйрөк ооруларын дарылоого болот. Суусу дарылануу үчүн жана суусундук катары «Арашан» деген ат менен бөтөлкөгө куюлуп алынат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү