Беш-Буркан көмүр кени
Беш-Буркан көмүр кени — Ош облусунун Ноокат районунда, Кызыл-Кыя шаарынан 12 км түштүк-чыгыш тарапта, Тахтек өрөөнүндө. Кен 1987–88-ж. издөө иштеринин негизинде ачылган. 1989–91-ж. чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Төмөнкү юра катмарында, татаал түзүлүштөгү бир көмүр кабаты аныкталган. «Негизги» деп аталган кабаттын калыңдыгы 1,47 мден 37,19 мге чейин өзгөрөт. Көмүр 3Б маркасына таандык, орточо күлдүүлүгү 19,4%, орточо табы 28,5 МДж/кг (6808 ккал/кг) түзөт. Запасы (В+С1 категориясы боюнча) 37344 миң т.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Кыргызстандын кен байлыгы: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек – 2004, ISBN 9967-14-009-7
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4