Беш-Таш туф-лава кени Талас районунда, Талас шаарынан 25 км түштүк тарапта, Бешташ капчыгайынын ортоңку бөлүгүндө, деңиз деңгээлинен 1900–2400 м бийиктикте. 1972–73-ж. геол. издөө жумуштары жүргүзүлгөн. Кен аймагын брахиантиклиналдын борборунда жаткан яшма сымал, ачык түстүү туф-лавасы түзөт. Кооз таштар–липарит курамындагы туф, кээде туфит жана туф-лавасы. Калыңдыгы 20–30 см, чанда 1,5 мге чейинки кабатчалар түрүндө. Өңү негизинен ачык жашыл, анда-санда күрөң, кызгылт күрөң, агыш боз, ак, кызгылт боз, каралжын боз. Алар кезектешип жайгашкан. Таш өтө морт, кооз көрүнөт. Болжол ресурсу 600 миң м3. Таштан мозаикалык кооз буюмдарды жасоого болот. Ал эми майда сыныктары көркөмдүк үчүн бетонго кошмо катары пайдаланууга жарактуу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү