Бийиктикке ыргытылган ташты төш менен тосуп алуу
Шарты
түзөтүүОюнчулардын саны 3—5 киши.
Оюн аянтчада өткөрүлөт.
Оюнда таштар колдонулат.
Оюнга даярдануу
түзөтүүОюнчулар оордугу 1—2 кг, келчү тоголок ташты тандашып алышып, оюндун шарты жана кезеги жөнүндө сүйлөшүп алышат.
Оюндун баяны. Оюнчулар кезектери келгенде, бирден ташты 1—1,5 метр бийиктикке ыргытышып, кайра жерге түшүп жатканда төштөрү менен тосуп алганы аракеттенишет. Оюн оюнчулар каалаган убакытка чейин уланышы мүмкүн. Бийиктикке ыргытылган ташты төшү менен тосуп алып жерге түшүрбөгөн оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.
Оюндун башка түрү
түзөтүүБийиктикке ыргытылган ташты моюн менен тосуп алуу.
Оюндун эрежеси
түзөтүүБир бирине тоскоолдук кылууга, жакын турууга болбойт.
Оюнга методикалык көрсөтмө
түзөтүүОюнга денени жакшылап кызыткандан кийин киришсе болот.
Оюндун педагогикалык мааниси
түзөтүүОюнда күч, шамдагайлыкка тарбияланат, чыдамкайлыкка үйрөтөт, денени чыңалтат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүБул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|