Бийиктикке ыргытылган таякты, таяк менен уруп түшүрүү

Шарты түзөтүү

Оюнчулардын саны 2—6 киши. Оюн өткөрүлүүчү жер: талаа. Оюнда колдонуучу аспаптар. Узундугу 1 м. келген таяктар.

Оюнга даярдануу түзөтүү

Оюнчулар экиден болуп турушуп оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны түзөтүү

Оюнчулар кезектери менен бири бийиктикке ыргыткан таякты, экинчиси каптал жактан уруп. түшүргөнү аракеттенишет. Андан кийин оюнчулар кезеги менен алмашышып оюнду кайрадан башташат. Оюн оюнчулар каалаган убакытка чейин уланат. Көп жолу бийиктикке ыргытылган таякты, таяк менен уруп түшүргөн оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун башка ушу сымал түрү түзөтүү

Бийиктикке ыргыткан кезекти, кезеги менен уруп түшүрүү, бийиктикке ыргыткан ташты таш менен уруп түшүрүү, бийиктикке ыргытылган буюмду, жаа менен атып түшүрүү.

Оюндун эрежеси түзөтүү

Башка оюнчуларга, оюн өткөрүлүүчү жерде турууга, жүрүүгө, таякты төмөн, катуу тездикте ыргытууга, бир-бирине тоскоолдук кылууга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө түзөтүү

Оюн эл чогулган жерден сырткары өткөрүлүшү керек.

Оюндун педагогикалык мааниси түзөтүү

Оюнда күч тарбияланат, кол менен кыймылдарды так аткарууга, ыргытуунун ыкмаларын, тездикти, аралыкты аныктоого үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү