Билал Назым
Билал Назым - (өз аты Билал Юсуп уулу; 1825, Кулжа - 1899, Жаркент) уйгур адабиятынын классиги. Кулжадагы мектептен, медреседен таалим алган. Чыгармачылыгы 1840-жылдарда башталган. 1852-ж. «Газалияты» (ырлары) кол жазма түрүндө тараган. Анын чыгармаларынын негизги темасы сүйүү. Уйгур элинин азаттык күрөшү жөнүндө «Кытайдагы козголуш» дастанын жазган. Бул чыгарма 1880-ж. Казанда басылган. Фольклордук эстетиканын негизинде жазылган «Алдамчы Юсуп хан» (1881) поэмасынын жана «Назугум» (1882) повестинин автору.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4