Кулжа (шаар)
Кулжа шаары, (уйгурча: غۇلجا, кытайча: 伊宁) — Кытайдын түндүк-батышындагы шаар. Иле Казак автоном облусунун борбору. Иле дарыясынынын өрөөнүндө жайгашкан. Шинжаң-Уйгур автоном районунун курамында. Калкы 100 миңге жакын. Тамак-аш (мал чарба продуктусун иштетүүчү), текстиль ишканалары иштейт. Кол өнөрчүлүк (килем токулат, тери өңдөлөт) өнүккөн. Уран, вольфрам ж. б. түстүү металлдын жана графит, асбест кендүү аймактын борбору. 1762-жылы негизделген.
Манас дастанда
түзөтүү"Манас" дастанда кыргыздар жана ага жамаатташ жашаган элдер мекендеген жер катары көп эскерилет. Нескара менен Манастын урушунда: «Ошо суунун аягы Эми да аты өчкөн жок «Кулжа» аттанып калыптыр» [1]; Көкөтөйдүн ашында Жолой менен Кошой күрөшкө чыкканда Жолойду кордогону Кошойдун сөзү аркылуу эскерилет:
- Кулжа-Тоонун оюнда,
- Кутман байдын тоюнда...
- Катылам деп Кошойго
Кан жөткүргөн жериң бар [2]. Кытай-калмак байгеге зордук кылып уруш чыгарганда: «Кужулдап кытай, калмагы Кулжага жакын барганы» [3],— деп айтылат. Географиялык реалия катары К. — Иле дарыясынын алабындагы тоо. Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунундагы суу, жер, шаар.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9
- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4
- ↑ (Сагымбай Орозбаков, 1. 245)
- ↑ (Сагымбай Орозбаков, 3. 219)
- ↑ (Сагымбай Орозбаков, 3. 280)