Билерман ордо
Жалпы маалымат
аталышы: Билерман ордо-Бишкек интеллектуалдык клубу
түзүлгөн күнү: 2013-жыл 15-октябрь
жайгашкан жери жери: Бишкек шаары
өлкө: Кыргызстан желеги Кыргызстан
уюштуруучу: Имаров Булутбек
магистри: Семетей Амиралиев (2019)
форматы: интеллектуалдык оюн
Командалардын саны: 14
Сезон 2
Чемпиондор: 1-сезон Прогресс командасы

Билерман ордоБишкек интеллектуалдык клубу студенттерден түзүлгөн жаштардын тобу. Клуб 2013-жылдын 15-октябрында түзүлгөн. Клубдун түзүлүүдө алдына бир нече максаттарды койуп, аларды ишке ашырууга болгон аракетин жумшап келет. Клубдун негизги иш аракети Бишкек шаарында окуп жаткан билимдүү, интеллектуалдуу, аракетчил жаштардын башын бириктирип жумасына акыл таймаштарын уюштуруу болуп саналат. Ошондой эле бирге клубга мүчө балдардын достугун, ынтымагын бекемдөө максатында тарыхый жерлерге зыярат, кооз жерлерге эс алуу, спорттук иш-чаралар уюштурулуп турат.

КЛУБДУН НЕГИЗГИ МАКСАТТАРЫ: түзөтүү

  • а)интеллектуалдык оюндарды тынымсыз өткөрүү;
  • б)жаштар арасында билимди жана билимдүүлүктү даңазалоо;
  • в)жаштардын ортосундагы ынтымакты, достукту бекемдөө;
  • г)кыргыз тилин өнүктүрүү

«БИЛЕРМАН ОРДО» БИШКЕК РЕЙТИНГ ОЮНДАРЫ түзөтүү

1-СЕЗОН түзөтүү

 
1-сезондун жеңүүчүсү - Прогресс

Билерман ордо-Бишкек рейтинг оюндары 2014-жылдын январь айында башталган. Жалпы Бишкек шаарында жайгашкан Жогорку окуу жайларынын студенттеринен түзүлгөн 10 команданын ортосунда болгон. Оюндар Эл аралык инновациялык технологиялар, Кыргыз-түрк "Манас", М.Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш, И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университеттеринде болуп, командалар ортосунда курч таймаш болгон.

Рейтинг оюндарынын эрежелери түзөтүү

Рейтинг оюну негизинен 3 турдан турат:

1-тур түзөтүү

Биринчи турда оюнга клубга мүчө болгон жалпы 10 команда катыша алат. Командалар атайын даярдалган столдорго отуруп оюн алып барышат. Жалпы логикалык 10 суроо берилет жана суроонун жооптору “жооп баракчалары” аркылуу ар бир суроодон кийин жыйналып алынат. Ар бир суроого 1 мүнөттөн убакыт берилип, жооптор ушул убакыт аралыгында алынышы керек. Белгиленген убакыттан кийин берилген жооптор кабыл алынбайт жана 0 упай менен эсептелет. 1-турдагы ар бир туура жооп 1 ден упай менен белгиленет.

2-тур: Блиц-тур түзөтүү

Жалпысынан 10 категория боюнча даярдалган 100 суроо ойнолот (ар бир категорияда 10дон суроо). Биринчи турда топтогон упайларына жараша ар бир команданын өзүнө жеңил деп санаган категориясын тандоо мүмкүнчүлүгү болот.Командалар кезеги менен айлампа түрүндө ойноп, ар бир айлампада эки башка категориянын 5тен суроолоруна жооп бере алышат (Мис: эгер 1-команда эң көп упай топтосо, 1-айлампада командага жаккан футбол категориясынын 5 суроосун, кийинки айлампада Кино категориясынын 5 суроосуна жооп бере алышат). Командаларда 1-айлампада тандалган категорияны 2-айлампада кайра тандоо укугу болбойт. Негизинен кыска жоопту талап кылган, так суроолор ойнолот. Ар бир туура жоопко 1 ден упай берилет. Категориялардагы 5тен суроого 30 секунда убакыт берилип, командалар бул убакыт аралыгында 5 суроого тең жооп берүүгө аракет кылуусу керек. Эгер, бул убакыт аралыгында 3 суроого жооп берип, 2 туура болсо 2 упай менен эсептелет. Калган жооп берүүгө жетишпей калган суроолор 0 упай менен белгиленет.

3-тур: Мыкты оюнчуну аныктоо түзөтүү

Ар бир команда оюнда мыкты катышкан бирден оюнчуну көрсөтөт. Таймаш тандалып алынган мыктылардын ортосунда жүрөт. Жалпы 10 суроо берилип, жооптор атайын баракчага жазылат. Жооп баракчасында 10 суроого жооп берүүчү “бош орундары болуп” жазуу түрүндө кабыл алынат. Ар бир суроого 40 секундадан убакыт берилип, убакыт бүткөн соң кийинки суроого өтүлөт. Жооп баракчасында, боелуп жазылган, 2 варианттагы, булганган жооптор туура эмес деп саналып, 0 упай менен эсептелет. Ар бир оюнда 1 ден мыкты оюнчуну ушул тур аркылуу аныктайбыз. ж.б. болуп саналат. Бүгүңкү Бишкек шаарында окуп жаткан 10 университеттин студенттеринин ортосунда жумасына "Брейн-Ринг" аталышындагы рейтинг оюндарын өткөрүп келет.