Билим берүүнүн сапаты – билим берүү процесси кандай болууга тийиш жана ал кандай максат үчүн кызмат кылуусу керек деген коомдо орун алган түшүнүктөргө билим берүү процессинин, анын натыйжаларынын ылайык келүүсүнүн чен-өлчөмүн туюндуруучу интегралдык мүнөздөмө.

Билим берүүнүн сапаты азыркы учурда анын социалдык эффективдүүлүгүн шарттоочу төмөнкү факторлор: ишмердиктин бул же тигил чөйрө-сүндөгү руханий маданияттын жана тажрыйбанын мыкты жетишкендиктерин камтыган мазмун; педагог кызматкерлердин жогорку кесиптик чеберчилиги; жаңы педагогикалык технологиялар жана аларга ылайык келүүчү материалдык-техникалык жабдуулар; калктын билим алууга болгон муктаждыгынын толуктугу аркылуу аныкталат.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Педагогика (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,