"Биллди өлтүрүү: 2-бөлүк" (англ. Kill Bill: Vol. 2, орус. Убить Билла. Фильм 2) - 2004-жылы Квентин Тарантино жазган жана тарткан америкалык таймаш искусствосу тасмасы. Тасмада турмушка чыгып жаткан колуктунун ролун аткарган Ума Турман зөөкүр киши өлтүргүч топтон (Лүси Лү, Майкл Мэдсен, Дэрил Ханна жана Вивика А. Фокс) жана өзүн жана төрөлө элек ымыркайын өлтүрүүгө аракет кылган киши өлтүргүчтөрдүн башчысы Биллден (Дэвид Кэррадин) өч алуусун улантат.

Биллди өлтүрүү: 2-бөлүк
Режиссеру Квентин Тарантино
Продюсер Бендер Лоренс
Жазуучу Квентин Тарантино
Оператору Роберт Бриж Ричардсон
Негизинде Колукту
автору: Q&U
Тартылгандар
Музыкасы
Редактору Салли Менке
Студия A Band Apart
Жайылтуучу Miramax Films
Чыккан жылы
  • апрель 16, 2004 (2004-04-16)
Узактыгы 136 мүн.
Өлкөсү  АКШ
Тили Англис
Бюджети $30 млн
Киреше $152.2 млн

Тарантино "Биллди өлтүрүү" тасмасын аз бюджеттүү таймаш искусствосу тасмаларын, самурай тасмасы жанрын, кара түстүүлөр тасмаларын, "спагетти вестерн" жанрын камтыган "грайндхаус" тасмаларына болгон урмат-сый деп эсептейт. Бул тасма бир эле мезгилде тартылган "Биллди өлтүрүү" тасмасынын экинчи бөлүгү. Биринчи бөлүгү 2003-жылы жарык көргөн. Тасма башында бир эле бөлүк болуп чыкмак болгон. Бирок убакыты 4 сааттан ашып кеткендиктен тасма эки бөлүккө бөлүнгөн. Тасманын эки бөлүгүнө тең жылуу пикирлер айтылып, ийгиликтүү сатылган.

Сюжет түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү