Биография
Биография - (био... жана ...графия), таржымал 1) адам өмүрүнүн тарыхын жазуу; тарыхый, көркөм жана илимий проза жанры. Адабияттаанууда жазуучунун өмүр жолу жазылат. Бул же тигил акын же жазуучунун чыгармачылыгын изилдөө ишинде, аны үйрөнүүдө өмүрбаяндык фактылардын, турмуштук окуялардын мааниси чоң. Көптөгөн өлкөлөрдө « Өрнөктүү адамдардын өмүрү» деген адабият сериясы чыгууда. Алардын ичинде акын-жазуучулар да бар. Кийинки жылдары кыргыз адабиятында А. Осмоновдун, Ж. Турусбековдун, М. Элебаевдин чыгармачылык өмүр жолуна К. Жусупов («Ыр сабындагы өмүр»), С. Бөлөкбаев («Биздин Жусуп» повести), О. Сооронов (Мукай жөнүндө биографиялык мүнөздөгү чыгармалары) кайрылышты. Мамлекеттик жана коомдук ишмерлер И. Раззаков, С. Ибраимов, Ж. Ибраимов, К. Оторбаев жана башкалар жөнүндө да биографиялык чыгармалар жазылды.
Колдонулган адабияттарОңдоо
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы»: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4