Биологиялык куралга оору козгогуч микробдор жана токсиндер, андан башка микроб жуктургучтар (кемирүүчүлөр, курт-кумурска, кене жана башкалар), айыл чарба өсүмдүктөрүнүн зыянкечтери жана башкалар кирет. Микробдор түзүлү- шүнө жана бир катар биологиялык касиетине жараша бактериялар, вирустар, мите козу карындар, риккетсиялар болуп бөлүнөт. Токсиндер микробдордун тиричилик аракетинен пайда болуп, өтө уулуу жана катуу ууландырат. Абаны булгоо үчүн самолётто, аэростаттарда орнотулган атайын түзүлүштүн, авиациялык жана ракеталык куралжарактын жардамы менен микробдор, токсиндер чаңдатып себилет, аба менен аралашып, аэрозоль булутун пайда кылат жана ал шамал менен кошо аймакка таралып, адамдар, жаныбарлар жабыр- кашы мүмкүн. Бактерия каражаттары менен душман суу жүрүүчү системаларды, суу сактагычтарды, азык-түлүк базаларын, кампаларды, коомдук тамак-аш ишканаларын, жайыттарды жана башкалар булгашы мүмкүн. Ошондой эле оору козгогуч микроб жуккан курт-кумурска, майда кемирүүчүлөр аркылуу да таратылат. Биологиялык куралдын таасиринен пайда болгон оорулар ошол замат байкалбайт, бир топ күндөн (жашыруун мезгил) кийин билинет. Бул мезгилде микроб жуккан киши (микроб алып жүрүүчү) соо кишилерге жугузуп эпидемияга алып келиши мүмкүн. Андан коргонуу химиялык куралдан коргонуу чараларына окшош. Алдын алуу максатында өздүк гигиенаны жана коомдук гигиенаны сактоо зарыл. Эң натыйжалуу алдын алуучу чаралардын бири — атайын препараттарды ичүү жана калкка алдын ала эмдөө жүргүзүү. Душман биологиялык куралды колдонгондугу далилденгенден кийин же калк арасында жугуштуу оорулар пайда болсо, анда обсервация же карантин жарыяланып, калк санитариялык тазалоодон өткөрүлөт. Тамак-ашты оозу бекем жабылган идиштерде же синтездик кездемеден даярдалган капка салуу, сууну пайдаланар алдында 30 мин. кайнатуу керек. Турак жай, үй эмеректери, кийим, бут кийим дезинфекцияланат. Курт-кумурска, кемирүүчүлөр жок кылынат.


Негизги макала Массалык жабыркатуучу куралдан коргоо түзөтүү

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8